www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрү Москва менен түз кагылышууга барып, дүйнөлүк согушту тутанткандан көрө, Украинадан «кетүүнү» артык көрүшөт. Бул тууралуу National Interest басылмасы коопсуздук боюнча эл аралык талдоочулар Бен Оллереншоу менен Джулиан Спенсер-Черчиллге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Эксперттер Украина кризиси Орусия Федерациясы менен НАТОнун ортосундагы өзөктүк жаңжалга айланып кетиши мүмкүнбү деген басылманы жарыялоого даярдашты.

Эксперттердин айтымында Украина үчүн өзүн курмандыкка чалуу Батыш державаларынын кызыкчылыгына туура келбейт.

Оллереншоу жана Спенсер-Черчилл ошондой эле Кошмо Штаттардын жана анын НАТО боюнча союздаштарынын стратегиялык ядролук куралдарынын запастары Орусия Федерациясындагыдан тьмьн деп эсептешет.

Мурдараак ошол эле басылма Байден Украинадагы жаңжалды коопсуздук коркунучтарына карабай, ойго келбеген кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген тыянакка келген.

Ал ортодо АКШ президенти Джо Байден АКШны Украина жаңжалына түз тартпоого жана үчүнчү дүйнөлүк согушту тутандырбоого убада берген.

Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Украина кризиси уланмайынча Орусия менен НАТОнун ортосунда жаңжал чыгуу коркунучу сакталып турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости