www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова саясат тууралуу билдирүү жазып чыкты. Назира Айтбекованын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Улуу муун урушуп атат мени. Улуулугуңардан айланайын, бирок ашмалтайы чыккан өлкөдө жашап атам. Бизге чейин жеткирген абал жакпай турат. Анын себебин силерден сурап, талап кылганга акым бар. Мен, биз, жаштар, өлкөнүн мындан ары да ашмалтайын чыгара турган болсок, силерчилеп, жеримди тилип, коңшуларга сатып, тонналап алтындарды чыгарып, коррупцияны гүлдөгөнгө көмөк кыла турган болсок, мамлекеттин кыйраганына кайдыгер карап, элинин кор болгонуна көз жумуп, арзыбаган тыйынга Арзымат болуп, көпөстөргө өлкөнү кыйратканга уруксат бере турган болсок, кийинки муун да бизден талап кылганга, бизди тилдегенге акысы болот! Балким, тээ тереңинде айыбыңарды сезип, жараңарды баскан сайын, жарылып атканыңар ошондон болсо керек. Сөзүмө жөн эле теригип, бийик мамиле күтүп, намыска алдырып аткан болсоңор, өкүнүчтүү. Улуу муун, чуркап бараткан жаштарга чылбыр ыргытпай, чырылдап чындык издеп жүргөн жаштарды жерибей, жек көрбөй, сүрөп тургула! Батаңарды бергиле! Кресло таттуу, билем. Бирок ордуңарды берип, оңдогонго көмөк болсоңор, балдарыңар, неберелериңер кубанат! Ашыкча кетсем, айып этпегиле!" -деп жазды Назира Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости