www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Непалда жер көчкүдөн кийин пайда болгон көлдүн жээги жарылып кетиши мүмкүн деген маалыматтардан улам куткаруу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Непалдын бийлик органдарына жер көчкүдөн кийин түзүлгөн көлдүн жээги бузулганы тууралуу кабар түшкөн.

Расува районунда тик учактардын катышуусунда жүргүзүлүп жаткан куткаруу операциясы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу токтотулган. Аймактын тургундары коопсуздук үчүн дөңсөө жактарга чыгып жатышат.

26-августта Непалдын Кытай менен чектешкен түндүк бөлүгүндөгү Расува округунда күтүүсүз ири сел жүргөн. Тибет аймагындагы жер титирөө жана жер көчкү Лхенде дарыясынын нугун тосуп калган. Кийинчерээк тосулган суу жарылып чыгып, Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн.

Эртеси күнү Непалдын Туризм башкармалыгы селден кийин куткарылган чет элдик туристтердин саны 31 адамга жеткенин билдирди. Алардын арасында Орусиянын эки жараны да бар. Ошондой эле АКШ, Италия, Түштүк Корея, Индия, Болгария жана Швейцариянын жарандары куткарылган. Дагы сегиз туристтин жарандыгы азырынча тактала элек.

Последние новости