www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Бишкек менен Чүйдүн экологиясын жакшыртат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкектин жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралардын планын бекитти. 2021-2023-жылдарга эсептелген планга кирген иш-чаралар борбор калаа Бишкекте жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда ишке ашырылат.

План шаар куруу, пландоо жана дизайн, жылуулук менен камсыз кылуу, транспорт, абанын булганышы боюнча мониторинг жана маалымдоо деген төрт негизги багыттан турат.

Анда имараттарды арасынан жел өтүп тургудай кылып куруу, бак-дарак отургузуу, башкы планга өзгөртүү киргизүү, ирригация түйүндөрүнүн ишин жакшыртуу, таштанды маселесин чечүү, газ отунга өтүү, транспорттун абаны булгабай турган түрлөрүн пайдалануу, изилдөө иштерин жүргүзүү иш-чаралары мөөнөтү жана каржы булактары менен көрсөтүлүп жазылган.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен дагы эле ашып турганы айтылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости