www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билидирди.

Стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу жана анын күчүнө кирүү процедураларын аяктоо «Kumtor Gold Company» компаниясына Стратегиялык келишимде каралган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана Онкологияга колдоо көрсөтүү фондуна төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары «Kumtor Gold Company» Кыргыз Республикасына Стратегиялык келишимде каралгандан тышкары кошумча төлөмдөрдү салууга милдеттенди. Анын ичинде компания тарабынан:

- Кыргыз Республикасынын жаңы Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм;

- Экинчи аяктоо мөөнөтүнөн кийин 12 ай бою Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм;

- Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна ай сайын Экинчи аяктоо күнүнөн кийин алынган «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө жыл сайын  төлөм;

- «Кумтөр» кенинде эки жылдын ичинде 16 млн АКШ долларынан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

«Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри белгилегендей, стратегиялык келишимдин аяктоосу Centerra менен Кыргыз Республикасынын бекем алакаларын күбөлөндүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр» долбоорунун өлкө экономикасы үчүн маанилүүлүгүн ар дайым баса көрсөтүп, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо жана алтын кенинде экологиялык ченемдерди кынтыксыз сактоо зарылдыгын белгилеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости