www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт онлайн-жыйындагы дресс-кодду бекитти

Өкмөттүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц байланыш режиминде өткөрүүнүн регламенти иштелип чыкты.

Аны министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

Аталган буйрукка биринчи вице-премьер Артем Новиков 25-январда премьер-министрдин милдетин аткарып турган учурунда кол койгон.

Регламенттин жалпы жобосунда жабык эшик артында талкуулоо талап кылынган маселелерди кароодо видео-конференц байланыш системасы пайдаланылбай турганы белгиленет.

Дресс-коддун талаптары:

  • Видео конференциянын катышуучуларынын сырткы көрүнүшү тыкан жана расмий-иштиктүү стилде болушу шарт;
  • Кийими олуттуу, иштиктүү стилде, мүмкүн болушунча консервативдүү-классикалык багытта болуп, өтө ачык түстөр, кийимдин предметтеринде үчтөн ашык түстөр болбошу керек;
  • Спорттук үлгүдөгү жана иштиктүү эмес стилдеги, анын ичинде джинсы кийимдер, чолок шым, ачык сарафандар, футболка, тенниска, кепка, спорттук свитерлер, ошондой эле денеге кыналган кийимдер кабыл алынбайт;
  • Кийиминин иштиктүү стили жыл мезгилдерин эске алып, жайында (май-октябрь) бир өңдөгү жарык түстөр сунушталат. Косметика жана жасалгалар аз болуусу кажет;
  • Бөлмөнүн арткы фонун жасалгалоо жана видео байланыштын катышуучусунун сырткы көрүнүшү иштин жагдайына ылайык келиши керек. Турмуш-тиричилик буюмдары көрүнгөн арткы фонду пайдаланууга болбойт;
  • Бөлмө жарык болууга, камера башка адамдар же бөлмөгө киргендер кадрга түшүп калбагыдай жагдайда орнотулууга тийиш.

Ал эми видео-конференц байланыш режиминде өткөрүлгөн жыйындын (кеңешменин) катышуучусуна башталганга чейин бир сааттан кечиктирбестен видео көрүнүшүнүн жана үн уктуруунун сапатын текшерүү, ошондой эле чакырылгандардын келишин камсыз кылуу сунушталат.

Микрофонду зарыл учурда гана күйгүзүп, керек болбогондо токтоосуз өчүрүп коюу эрежеси камтылган.

Регламентти толугу менен Юстиция министрлигинин сайтына  жайгаштырылган документтен окуй аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости