www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аймактардагы аялдардын ишкерлигине коомчулуктун көңүлүн буруу, колдоо жана алар өндүргөн товарларды сатып алууга чакырган 2 айлык акция башталды. Акциянын алкагында аял ишкерлер өндүргөн товарын сатууга шарт түзүү үчүн айыл-кыштактарда бир катар иш-чаралар пландалууда. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары кабарлады.
Социалдык тармактарда “Ишкер аялды колдоо” аталышында флешмоб уюштурулат. Анда айылдагы кыз-келиндер өндүргөн товары жөнүндө видео менен бөлүшүп башкаларга эстафета катары жөнөтөт. “Ишкер аялды колдоо” акциясын “Айым Баштайт” коомдук уюму уюштуруп жатат.
7-март күнү акциянын расмий башталышына арналган иш-чара өттү. Ага өлкөнүн айыл чарба, суу чарба жана региондорду өнүктүү министри Аскарбек Жаныбеков, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана башка эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада аялдардын товарын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарылары айтылды.
Улуттук статистика комитетинин 8-мартка карата берген маалыматына караганда 2021-жылдын башында Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 млн болуп, жалпы жарандардын 50,4 пайызын түздү. Бул эркектердин санына салыштырмалуу бир аз көбүрөөк. Ош жана Жалал-Абад облустарында тескерисинче эркектердин саны аялдардан ашык.
Аялдардын үчтөн экиси (64%) айылда жашайт. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял Бишкекте жашайт.
2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48% иш менен камсыздалган. Экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жаш. Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторан, соода сыяктуу тармактарда негизинен аялдар иштешет.
Булак: NazarNews.kg