www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Бишкек жолунун "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда саат 03.30да аба ырайынын кескин начарлашына жана "Арал" стационардык постундагы Ала-Бел ашуусунда жолдун тайгактыгына байланыштуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. МАИ кызматкерлери чоң жана кооптуу жүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаалар трассада жүрбөй тургандыгын текшеришет.

Мындан тышкары, өткөн ар бир жүргүнчү ташуучу унаанын дөңгөлөктөрү жана чынжырлары текшерилет. Тийиштүү кызматтар менен биргеликте жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боомдо этият болууну эскертет.

"Ошондой эле айдоочулардан тез арада жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, ашууларда кырсыктарды азайтууну суранабыз", - деп билдиришти Жол кайгуул кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости