www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарында «Клиника Ош» заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү.

Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.

«Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет», — деди калаа башчы.

Маалыматка караганда, медициналык борбор бир учурда 110 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп, 120 жаңы жумуш орду менен камсыз кылат.

Борбордо кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттары боюнча медициналык кызматтар көрсөтүлөт.

«Клиника Ош» медициналык борбору Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймагынын тургундарына заманбап медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Анын ишке кириши татаал ооруларды жеринде дарылоого шарт түзүп, жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга өбөлгө болот.

Последние новости