www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда тажик тараптын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чек арада баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушкан.

Ал өзүнүн резервдик фондунан беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берген.

Жамалдинов жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбастыгын жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости