www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-ноябрдан тарта мамлекеттик токой фондуна кирбеген баалуу бактар менен бадалдарды кыюуга мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  мораторий 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул аралыкта тиешелүү органдар бактар менен бадалдардын анда көрсөтүлгөн түрлөрүн кыюуга уруксат бербеши керек.

Ошол эле маалда документте бактар менен бадалдарды түрдүү оорулардан сактоо жана адамдардын, имараттардын коопсуздугун камсыздоо максатында кыюуга чектөө жок экени белгиленген. Мындан тышкары отун жана мөмө-жемиш алуу үчүн өстүрүлгөн, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын менчик талааларындагы бак-дарактарга мораторийдин тиешеси жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости