www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиевдин өкмөтү өткөндөн жыйынтык чыгарган жок. 2008-жылы казактарга Каркыранын мыкты жери берилип, ордуна ашыгы менен Каркырадан эптеп бир жер алынганы үчүн ошол мезгилдеги бийликтин кадыр-баркы кетип, акыры бийлигин алдырган.

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу маалыматтарды баштан-аяк тактап, билдирүү таратты. Өкмөт аппараты тараткан билдирүүдө, Керкидан (Керкидон) суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген. 2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге «Керкидан суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости