www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Белгилей кетсек, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жыйындын соңунда кворум болбой калгандыктан добуш берилген эмес.
Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан.
Анын айтымында, эгер референдум 10-январда, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү өтсө бюллетен басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, эгер өзүнчө өтсө 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынат.
Бул арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте тийиштүү түрдө каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын айтышууда.
Эске салсак, 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан.
Булак: NazarNews.kg