www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы үч айда Жогорку Кеңеште депутаттардын чындап келгени менен расмий каттоодон өткөндөрү арасында "Politmer.kg" аналитикалык порталы талдоо жүргүзгөн. Жогорку графикте катталган депуттардын саны, төмөнкү график – алардын чыныгы саны, ал эми ортоңку сары график – бул кворум, 61 адам – мыйзам долбоорун кабыл алууга керектүү сан.
Жыйынга келгендердин чыныгы саны боюнча маалыматты парламенттик баяндоочулар чогултушкан. Ал эми расмий маалыматты маалыматтык табло көрсөтүп турат. Экөөнүн ортосундагы айырма келбей калган депутаттардын ордуна келген депутаттардын каттоодон өткөнү менен түшүндүрүлөт. Мындай жол менен бир парламентарий бир нече депутатты каттоодон өттү кылып кое алат.
Графикке ишенсек 2017-жылдын 3 айында кворум 2 гана жолу болгон: 29-мартта жана 27-апрелде.
29-мартта эл өкүлдөрү чулгандуу лотереялар жөнүндө мыйзамды карап, жүргөн селдерди талкуулашкан. Ушул эле күнү КСДПдан жаңы депутат Аида Касымалиева ант берген. Булардын кайсынысы педутаттардын жумушка келүүсүнө түрткү болгонун айтуу кыйын.
Ал эми 27-апрелде 70 депутат келген. Анда премьер-министрдин отчету угулмак.
Ошондой эле 12-апрелде 60 эл өкүлү келген. Ал күнү КТРКнын жетекчисинин отчету угулган.
Булак: "5news.kg"