www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Мамлекеттик департаменти Пентагондун башчысы Пит Хегсетке Брюсселде сүйлөй турган сөзүндө Украинанын НАТОго мүчө болбой турганын ачык айтпоону сунуштаган. Бирок министр бул теманы козгоп, алдын ала даярдалган тексттен четтегенин NBC телеканалы маалымдайт.
12-февралда Украинага жардам көрсөтүү боюнча байланыш тобунун жыйынында Хегсет АКШ Украинанын НАТОго мүчөлүгү дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн реалдуу жыйынтыгы болот деп эсептебейт деп билдирген.
NBC маалыматына караганда, АКШ Мамлекеттик департаментинин айрым өкүлдөрү Хегсеттин командасына анын бул тууралуу ачык айтпоосун сунушташкан. Бирок ал кеңешке баш ийбей, өз сөзүндө Украинанын коопсуздугу боюнча кепилдиктер "НАТОго мүчөлүк аркылуу берилбеши керек" деп билдирген.
Ошол эле учурда, Пентагондун өкүлдөрү NBC телеканалына Хегсетке бул маселеде кандайдыр бир кеңеш берилбегенин жана анын сөзү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча командасы менен макулдашылганын билдиришкен.