www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», - деп билдирди.

Мындан тышкары, президент учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп кошумчалады.

Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

Латын арибине өтүү боюнча акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда демилге көтөрүлүп, бирок расмий колдоо болгон эмес.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда, Өзбекстанда латын арибине өтүү жараяны уланып келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости