www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тектүү америкалык илимпоз, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжарды кабыл алды. 21-апрель күнкү жолугушууда алар билим берүүгө көңүл буруу жаатында сүйлөшүшкөнүн Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Баарлашуунун жүрүшүндө профессор мамлекеттин өнүгүшү үчүн кен байлыктарды иштетүүгө гана эмес, адамдык ресурстарга да басым жасашы керектигин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ага Кыргызстандын окумуштуулары менен жемиштүү кызматташуусун каалап, билимди өнүктүрүүдө колдоо көрсөтөөрүнө ишенимин билдирди.
АКШнын Түндүк Каролина университетинин Медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Кыргызстанга келип, 20-апрелде кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери менен жолугушкан. Андан тышкары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугары кабарланган.
Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыган.
Булак: NazarNews.kg