www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хиранону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Японияны жакын дос жана маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер жыл сайын чыңдалып жатканын өзгөчө белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу жылдарында бекем жана натыйжалуу формат түзүлгөнүн айтты. Узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылууда, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштар өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарын дайыма кеңейтүүгө жана жаңылоого мүмкүндүк берүүдө.

Садыр Жапаров Элчинин ишмердүүлүгү кыргыз-япон алакаларын мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине Япониянын Императору Нарухитонун жана Премьер-министри Санаэ Такаитинин атынан жылуу салам жолдоп, алардын жакынкы аралыкта Мамлекет башчысын Японияга сапар менен кабыл алууга даяр экендиктерин баса белгиледи.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн жетекчилигинин активдүү өз ара аракеттенүүсү жана колдоосу менен жакынкы келечекте япон-кыргыз кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, жаңы мазмунга толот деп белгиледи.

Последние новости