www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен учурашып, баарын Биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгы жана евразиялык интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктады.

«Бул мезгилдин ичинде ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнү, капиталды жана жумушчу күчтү жүгүртүүнүн эркиндигин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чаралар көрүлүп жатат. Акырындап өз ара жана тышкы соода-сатыктын көлөмү өсүүдө. Биримдик боюнча ИДПнын өсүшү 2018-жылы жалпысынан 2,5% түздү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, Биримдиктин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда кызыгуу жаратты. Соода-экономикалык мамилелер жана кызматташуунун географиялык картасы кеңейүүдө. Кытай жана Иран менен макулдашууларга кол коюлду. Вьетнам менен эркин соода аймагы иштеп жатат. Израиль, Сингапур, Сербия, Индия жана Египет менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир катар ири аймактык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

«Өз ара соода-сатыктын процедураларын жөнөкөйлөштүрүп жаткан өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантуу маанилүү. Ошондой эле аракеттерибизди инфраструктуралык долборлорду ишке ашырууга багытташыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан үчүн темир жол транспорту кызыктуу. Бул багыттагы биргелешкен долбоорлор баарыбызга жакшы экономикалык дивиденддерди алып келип, Борбордук Азиянын башка  өлкөлөрүнүн биздин интеграциялык бирикмебизге болгон кызыгуусун арттырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, ЕврАзЭБ тарыхый өнүгүүнүн маанилүү баскычында турат. Аракеттин баарын интеграциялык байланыштарды мындан ары бекемдөө, тоскоолдуктарды жоюу, бизнес жана экономикаларды теңдештирүүгө багытталган финансылык институттарга жагымдуу шарттарды түзүүгө багыттоо маанилүү.

Сооронбай Жээнбеков «Өнөр жай кооперациясынын евразиялык түйүнү» долбоору Союздун ичинде чыгарылган сырье жана продукцияны колдонууга алып келерин баса белгиледи. Бирикменин товарларын маркирлөө жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу контрабанда жана «көмүскө» импорт менен болгон күрөшүүдөгү натыйжалуулугун көрсөттү. Бул ишти улантуу керек жана Бирикмедеги мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана ошондой эле кичи жана орто бизнестин даярдыгын эске алуу керек. Бирикменин ички рыногунун иштөөсү, тагыраак айтканда, товарлардын эркин жүгүртүүсү маанилүү.

Ошондой эле ал Бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды натыйжалуу жоюуда Комиссияга тийиштүү укуктарды берүү зарылдыгына көңүл бурду жана мындай демилге Кеңештин жыйындарында бир канча жолу көтөрүлгөнүн, маанилүү маселелердин бири кирип жаткан бажы салыктарынын суммаларын бөлүштүрүү нормативдери экенин баса белгиледи.

Президент Сооонбай Жээнбеков жыйындын күн тартиби актуалдуу экенин белгиледи. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер ЕврАзЭБ максаттарын практика жүзүндө ишке ашырууга кошумча дем берет.

Өкмөт башчыларынын атынан сөз сүйлөгөн Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев Кеңешти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу жана өткөрүү үчүн чакырууга ыраазычылык билдирди.

«Сиз ЕАЭБдин 5 жылдыгын эске салдыңыз, чынында эле биз бул мезгилде белгилүү бир ийгиликтерге жетиштик. Административдик тоскоолдуктар төмөндөп, бизнес жүргүзүү, элдердин баарлашуусунда тоскоолдуктар жокко чыгып жатат. Биримдиктин мамлекеттери бир бүтүн катары дүйнөлүк атаандаштык талаасында чыгып жатышат. Эң башкысы, биздин Биримдиктин курамына кирген адамдар, компаниялар, ишканалар, коомдук уюмдардын ортосундагы байланыштар ишенимдүү», — деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Ал бүгүнкү жыйында Биримдиктин ишмердигинин актуалдуу маселелери, улуттуктан жогору жөнгө салууну түзүү маселелери талкууланарын кошумчалап, бардык маселелер оң нукта чечилерине үмүтүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин катышуучуларына Биримдиктин өнүгүүсү жана бекемдөөсү үчүн жемиштүү иштөөсүн жана Ысык-Көлдө жагымдуу убакыт өткөрүүнү каалады.

Последние новости