www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган дараж да карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости