www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрайымы Токбаеванын кеңешчиси Каныбек Акыев жөнүндө бир жылдан ашык мезгилден бери ар кыл нааразычылык сөздөр айтылып, атүгүл кайрылуу каттары жазылып келатканы көпчүлүккө маалым. Атасы Жогорку соттун судьясы Арзыбек Акыев уулу Каныбек Акыев экөө бир жерде иштегени туура эмес экенин, судьялардын ордуна чет мамлекетке командировкаларга барганын ошол эле жердеги судьялар айтып атып эч майнап чыкпаганынан тажагандарынан акыры тим болушту. Себеби, бул боюнча Жогорку соттун төрайымы укса да укмаксанга салып койсо, башка айлалары барбы?

Эми Каныбек Акыев деген эргулубуз, жакындан бери Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевге таянып, төрайымды да көзгө илбей баштады деген сөздөр четинен айтыла баштады. Көрсө чындап эле Алмамбет Абдимиталипович менен Каныбек АрзыбековичОшГУда бирге окушкан экен.

Өткөн жылы ушул маалда К.Акыев элден түшкөн арыз-даттануулардын негизинде кызматтан алынып кетти эле, эки айга жетпей кайра эле ордуна келип отуруп калды. Анысы аз келгенсип, ошол мезгилден бүгүнку күнгө чейин соттук иштердин үстүнөн тон бычып, судьялардын гана эмес сот тармагынын деги бардык ишине кийлигишкени күч алды. Мындан улам бу Акыевтердин артында ким турат? же Жогорку соттун төрайымынын Акыевтерден корко турган бир тымызын сыры барбы? деген суроолор жаралат.

Мындан сырткары Акыев Каныбектин мамлекеттик кызмат менен жеке ишкердикти айкалыштыра иштеп келгени, Жогорку соттун аппарат жетекчиси тарабынан көзөмөлдүн жоктугун аригинелеп турат. Себеби, Каныбек мырза Жалал-Абад облусунда 2006-жылы катталган дары-дармек өндүрүү “Мега” жоопкерчилиги чектелген коомунун болгон да директору кызматын аркалап жана бир эле убакта төрайымдын кеңешчиси болуп иштеп жатканы үчүн,мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек эле.

Аталган коом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий катталып, Акыев мырза расмий түрдө коомдун директору, келинчеги Айназ ЖЧКнын уюштуруучусу (учредитель) болуп келген. 2017-жылдын  акырында гана “Мега” ЖЧКсы расмий түрдө жоюлган. Ал эми Каныбек Акыев Жогорку сотто төрайымдын кеңешчиси болуп 2 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келет. Бул боюнча үн каткан бир жан жок, же Акыевтерге өзгөчө кол тийбестик берилгенби.

Атасынын жолун улап сот тармагында иштейм деген үмүт менен Каныбек мырза мындан 5 жыл мурун Ысык-Көл райондор аралык  сотуна кийин Сокулук райондук сотунун судьялык кызматына конкурастарга катышып өтпөй калган эле. Эми, минтип ошол кезинде конкурстан өтүп кеткен судьялардын үстүнөн карап, Жогорку сотту баш кылып, калгандарын төш кылып калчап жаткан мезгили. Айтор ансыз да сот тутумуна нааразычылыктар артып турганда Акыев акыл калчап иш кылса деген эле ой.

Ушул эле катты Президентибиз Сооронбай Шариповичке, Жогорку Кенештин төрагасы - Дастан Артисбековичке жана башкы прокурор Индира Ырысбаевнага жолдодум. Айрым учурда бул сыяктуу каттар жогорку жетекчилерге жетпей калып жатканына байланыштуу ММКлар аркылуу жеткирүүнү туура деп таптым.

Эмилбек Акматов Жалал-Абад  облусунун тургуну

Булак: NazarNews.kg

Последние новости