www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттик шайлоого талапкерлер тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби бекитилди.
Жаңы жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга жана талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.
Анда талапкерлердин документтерин кабыл алуу, ошондой эле алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү жол-жобосу так аныкталган.
Мындан тышкары, конституциялык мыйзамда белгиленген талаптар конкреттештирилип, аларды иш жүзүндө колдонуу механизмдери такталган.
Ошондой эле шайлоо документтеринин бирдиктүү формаларын бекитүү каралган.
Бул мыйзам талаптарын бирдей колдонууга, процесстик каталардын алдын алууга жана шайлоону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.