www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин маалыматына караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун   тургуну 1997-жылы туулган С.уулу Б. арыз менен кайрылган. Арыздануучудан Юстиция министрлигинин алдындагы Пробациялык департаментинин Ноокат райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. “пробациялык көзөмөлдү узартамын” деп коркутуп, 30 000 сом сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылган. 

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап пара алуу) менен  кылмыш иш козголгон.

ИИМдин КИББнын 4-башкармалыгынын  кызматкерлери  Юстиция министрлигинин Контролдоо-инспектордук иш бөлүмү менен биргеликте 2023-жылдын 13-ноябрында Ош шаарынан талап кылып жаткан акчанын жарым бөлүгүн алып жаткан учурда жетектөөчү адисти кармашкан. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости