www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу айыпталуучу өзү социалдык тармактарга билдирди.

 «Биз азыр соттун видеосун карап чыгып, прокурор Мээрим Алиева КР Кылмыш-жаза кодексинин дагы 70-беренесин (өлкөдөн чыгарып жиберүү) өтүнүчүн уктук», — деп жазган ал.

Эске салсак, ишти Бишкектин Свердлов райондук соту карап жатат. Сот өкүмүн бүгүн чыгарары күтүлүүдө. Бирок судья Акылбек Адимов отурумду жылдырууну чечти.

 Буга чейин мамлекеттик айыптоо журналистти беш жылга эркинен ажыратууну суранган. Адвокаттар аны кылмышка тиешеси жок деп актоо талабын коюшкан.

Журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон. Болот Темиров муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганын иликтөө, ошондой эле жетекчинин үй-бүлөсүнүн күйүүчү май бизнеси тууралуу материал менен байланыштырат.

Бишкек ШИИББи бул иштин чоо-жайын иликтөө учурунда айыпталуучуга жаңы ачылган кылмыш фактылары белгилүү болгонун билдирди. Белгиленген фактылардын жыйынтыгы менен объективдүү укуктук баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси “Документтерди жасалмалоо” жана 378-беренеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иштери козголгон.

Январь айында Болот Темировго да баңгизат боюнча айып тагылган.

Андан соң милиция кызматкерлери спецназдын жоокерлеринин коштоосунда борбор калаадагы Temirov Live журналисттеринин кеңсесине келишкен. Болот Темиров кармалып, борбор калаанын ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров да кармалганы белгилүү болгон. Экөө тең сырка чыгып кетпөөгө кол коюп бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости