www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкара тарап сунуш кылган Россия Федерациясынын, Түркиянын, Азербайжандын жана Армениянын президенттеринин жолугушуусунун так күнү жана орду боюнча азырынча маалымат жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Анкарадагы дипломатиялык булак билдирген.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин Россия Федерациясы, Түркия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин төрт тараптуу жолугушуусун өткөрүү сунушун киргизгенин, бирок Анкара бул сунушка азырынча жооп ала элек. Түркиянын президенти бул маселени азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен талкуулоо ниетин билдирген.
"Жолугушуунун датасы жана орду боюнча чечим кабыл алуу үчүн алгач биздин сунуштаган демилгебиз боюнча бардык тараптар консенсуска келиши керек. Азырынча маселе сунуш деңгээлинде, конкреттүү жагдайлар жок", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg