www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ички душмандардын катарын Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина дагы толуктайт. Айрым маалыматтарга таянсак, Карамушкина тыңчылык милдетти аткарат.

Жакында 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алдап, бийликти кайра кайтарып алабыз деп олтуруп, темир тордун артына тыгып берген кара жолтой айым Ирина Карамушкина Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен деп «оюндагысын», тактап айтканда катардагы калпын жазып чыкты.

“Раим Матраимов 4 күн мурун үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Аны «калкалаган» адам чыгып кетээрин күтүп жатабыз”, -деп билдирүү тараткан Карамушкина.

Негизи 7-8-августта өлкөдөгү абалды курчуткандардын алдыңкы саптарында так ушул айым турат,  алардын кесепетинен 100дөн ашуун адам жаракат алып, бир адам каза болуп, кыргыздын чырактай жигити Самат Курманкуловдун абалы жакшы дегенибиз менен оор эле...

Эмне үчүн УКМК, ИИМ ушул ЖК депутаты И.Карамушкинанын тилин тишине каттырбайт! Бир мандем бар кыязы же кыргыздарды жек көргөн бул айымдын тизгинин тартыш кыйынбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости