www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биринчи байлык ден соолук” деп кыргыздар илгертеден дени сак өсүү үчүн кам көргөн. Кайсы бир учурда эмчи, бакшы, молдо сыяктууларга ден  соолугун тапшырып берген учурлар да болгон. Бүгүнкү күндөрү кыргыз элинде ден соолуктун камын көргөн ден соолук сакчылары болгон дарыгерлер ар бир айылдарга чейин адамдардын ден соолугунун камын көрүп келишет. Булардын абалдары кандай, алсак  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлеринин 92%ы иш ташташкандыгына парламентте токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган «коӊгуроо» экендигин белгилеп өткөн. «Бул керек болсо улуттук коопсуздукка шек келтирет»,- деген депутат алардын жазган арыздарында айлык маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эӊ башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көӊүл бурду. Эл өкүлү бул жагдай Баткенде ачык көтөрүлгөнү менен өлкөнүн башка аймактарында дагы курч турганын белгилеп кеткен.

 Бакыт Төрөбаев медицинага жаӊы технологияларды алып келүү, бул тармакка илимий мамиле жасоо сыяктуу жаӊычыл иштер жүрбөй жатканын билдирип: «Аткаруу бийлиги медицина жаатында саясатты туура жүргүзө албай жатат», - дейт. Ошону менен катар Төрөбаев республика боюнча саламаттыкты сактоодо жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкө, рак, кант диабети оорулары күч алып жатканын, эми депрессия менен жабыркагандардын саны көбөйгөнүн кошумчалады.

Ал эми Жылдыз Мусабекова дарыгерлердин ишине тоскоол болуп, аларды жөнү жок эле сөгүп-сагып, кадыр-баркына шек келтирген, ал тургай кол көтөргөн фактылар бара-бара көбөйүп жатканына тынчсызданды. Эл өкүлү медицина кызматкерлерин укуктук жактан коргоого мезгил жеткенин айтып, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Мусабекова Орусияда дарыгерлердин кадыр баркына шек келтиргендерге 10 миӊ рубль айып пул салынаарын, ал эми кол көтөрүп, денесине залал келтирсе кылмыш жообуна тартылаарын мисал келтирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости