www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде оппозициялык маанайдагы саясатчы Равшан Жээнбековдун үнү катуу чыга баштады. Кимди да болсо демитип, акыл үйрөтөт да турат. Анан бир собол туулат, ушул Равшан мырзанын акыл үйрөткөнгө моралдык укугу барбы деген? Андан дагы: «Акаев убагында мен министр болуп иштеп, ислам банкынын Кыргызстан боюнча башкаруучусу болчумун», - деп мактанган жайы бар.
Ырас, Акаев доорунда башкаруучу да, министр да болду. А бирок, кыргыз элине эмне жакшылык кылды? Жакшылыгы ушул. Ал Маммүлктүн министри болуп турганда мамлекеттин 364 объектиси менчиктештирилген. Ал объектилер кандайча менчикке чыкканын жалгыз гана Равшан билет. Кеп чынынан бузулбайт. 10го жакын пансионатты сатып, анын ичинен бирөөнү өзүнө ыйгарып алган да Жээнбеков.
Элдин, өлкөнүн байлыгын саткан да Жээнбеков. Ооруканалардын аймактарын, бала бакчалардын, ишканалардын курулуп бүтө элек имараттарын саткан да Жээнбеков. Таза адам да ушундай болобу? Бул адам биздин мамлекетке эң оор зыян келтирген. Анан кайсы бети менен коомчулукка мышыктай болуп мыёлоп, таптаза киши болуп чыга калганына таң каласың, эй!
Булак: "Мантыш"