www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Равшан мырза, экс-ажо Атамбаев менен жолуккан турбайсызбы. Жолугушуу тууралуу сунуш ким тараптан болду?

- Жолугушуу эки тараптуу макулдук менен болду. Ортодогу бир адамдар мага сунуш кылышып, ошол сунуш менен жолугушууга макул болдум. Профессионалдуу саясатчылар абал оорлоп келатканда сөзсүз түрдө бири-бирибиз менен сүйлөшүшүбүз керек. Идеологиялык, адамдык жактан эки тарапта болсок дагы, бул сүйлөшүү маанилүү деп мурунку президент Атамбаев менен жолуктум, сүйлөштүк.

- Биригели деген сөз болдубу?

- Андай сөз болгон жок. Атамбаев президент болуп турган убактагы ар кандай маселелерди, азыркы убактагы саясий абалды, Кыргызстан менен коңшу мамлекеттин мамилелерин, парламентаризмдин өнүгүшүн, ММКнын абалын, саясий абалдын курчуп келатышын талкууладык.

Премьер-министр кылсаңыз биригем дегендей кылган турбай сызбы?

- Аны бирөө эле жазып койду. Премьер-министрди Атамбаев эмес, Сооронбай Жээнбеков чечет. Ал жерде андай сөз болушу да мүмкүн эмес. 7 жыл мурун сунуш кылса жакшы болмок. Ал кезде жактырбаган саясатчыларынын бири болчумун да. Бүгүн кыйын маалда жолугуп сүйлөшүүнү чечтим.

- Атамбаевдин таарынычы күч экени байкалдыбы?

- Жекетаарыныч баардык эле адамдарда болот. Ойлогон ойлору, пландаган көп иштери ишке ашпай калды. Сөзсүз түрдө таарыныч сезими болотда.

- Атамбаев өзүнүн башкаруу мезгилиндеги чыныгы кырдаал кандай болгонун түшүнгөндөйбү?

- 7 жыл президент болгон адам бат эле реалдуулукту түшүнүшү кыйын. Менин баамдаганым боюнча Атамбаев реалдуулукту түшүнүп келаткандай.

-  Жээнбековдун ишин катуу сындадыңарбы?

-  Биз эч кимди адам катарында талкуулаган жокпуз. Саясатты, бийликтин абалы бир топ оорлой турганын, экономика ага таасир берип жатканын сөз кылдык.

Атамбаев кантип эле Жээнбековду сындаган жок?

- Сын сөздөр болду. Өзү дос болуп, президент болуп калышына активдүү катышкандан кийин андай сөздөр айтылат да.

Маектешкен Темирлан ТОКТОБОЛОТОВ.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости