www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент жана АК партиянын жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган: «Түркия менен Сирия демократиялык күчтөрүнүн ортосунда арачылык кыла алабыз деген сөзү туура болсо муну айткан кишинин мойнунан ашкан жана чектен чыккан сөз болуп саналат»,-деди.
Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макронду чектен чыкн сөзү үчүн каттуу сөзүн сүйлөдү. Учурда дүйнөнүн менмин деген ММК лары Эрдогандын сүйлөгүн сөзүн тынымсыз беришүүдө:
«Мурдатан бери өлкөлөрүндө эркин иш жүргүзгөн террордук уюмдун мүчөлөрүн кечээ дагы бир жолу эң жогорку деңгээлде тосуп алгандар, мунун Түркияга каршы душмандыктан башка маанини туюнтпаганын билиши керек. Франциянын бул мамилесине капа болуудабыз. Түркия менен Сирия демократиялык күчтөрүнүн ортосунда арачы боло алабыз деген сөзү туура болсо, муну айткан кишинин мойнунан ашкан жана чектен чыккан сөз болуп саналат. Түркиянын качантан бери террордук уюмдар менен бир үстөлдө олтуруу сыяктуу маселеси бар эле? Кайдан ойлоп чыгардыңар муну? Сиз террордук уюмдар менен бир үстөлдө отура аласыңар, бирок Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүсүн Афринде болгону сыяктуу улантат. Булардын досторунун ИПГга мүчөлөр б.а аймагыбыздагы канкор, ахлаксыз, адамдардын душманы террористтер экенин көрдүк. Бул мамилесинен кийин Франциянын эч бир террордук уюм, эч бир террорист, эч бир террордук кыймыл боюнча арыздануу укугу жок. Террористтер менен чогуу иш кылган ал эмес аларды сарайларда тосуп алгандар, кылган жаңылыштыктарын акыры түшүнүшөт. Сиз ким экенсиз террордук уюм менен Түркиянын ортосунда арачылык сөзүн айта тургандай»,-деди.
Президент Эрдоган, Иракта да жикчил террордук уюмдун кыймылдарынын соңуна чыгарылышы керектигин белгиледи.
Эрдоган: «Синжарга байланыштуу ар кандай нерселер сүйлөшүлүп жатат. Эмне үчүн күн тартипке келди? Синжар Кандилдин альтернативасы. Бул иштер күн белгиленип аткарылбайт. Ирак өкмөтүнө айтып жатабыз, бул ишти аткарсаңар аркаргыла деп. Ирак менен бул темада чогуу кыймыл кылууга даярбыз. ПКК менен ЙПДни бирдей деп эсептебеген, ДЕАШ менен күрөшүүнү жана ЙПГ менен күрөшүүнү бирдей көрбөгөн мамилелерге каалгабыз жабык. Биз террористтерге ысым коюу эмес, аларды толугу менен жок кылууга аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясынын ийгиликтүү уланганын белгилеп, жок кылынган террористтердин санынын 3800гө жеткенин айтты.
Эрдоган Сирияга байланыштуу болсо: «Африндин борборунун көзөмөлгө алынышы менен операциянын максаттары чоң өлчөмдө ишке ашты. Эми Тель-Рыфат менен катар чөйрөнүн көзөмөлүн камсыздоо үчүн операциябызды улантабыз»,-деди.
Эрдоган: «Манбижде бизге берилген убадалар бар. Ошонун негизинде бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөбүз. АКШнын мурунку президенти Барак Обама баш болуп мага убада беришкен, Обаманын жеке өзүнүн убадасы бар: «террордук уюм ЙПГ/ПЙДны Евфрат дарыясынын чыгышына жиберебиз» деген. Бул жерге аймактын чыныгы элин кабыл алабыз, ким алар арабдар. Бул жерде 90 пайыз арабдар жашайт. Бул жерге аларды(террористтерди) толтуруп жергиликтүү тургундарды ал жерден чыгарышты. Ушул эле сөздөрдү АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго айтканбыз, анын сунушу дагы башкача эле. «Түндүк сизде түштүк бизде болсун». Ага «эмне үчүн сизде бизде болсун бул жердин ээси белгилүү» дедим. Кеч болсо дагы сөздөрүнүн орундатылышын күтөбүз»,-деди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет кж сайты жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg