www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Элдик штабдын" мүчөсү, Рита Борбукеева, "Депутаттардын бет кабы сыйрылды", деп "Ачык саясат" гезитине маек берген. 

"Кой-Таш айылында адилеттик жана акыйкаттык үчүн "Элдик штаб" түзүлүп, өз ишин улантып жатат. Жети дубандан адамдар келип жатышат. Бүгүнкү күндө бул окуялар болбош керек эле, бирок, бишктегилер элди ушуга жеткиришти. Булар Алмазбек Атамбаевди камоо үчүн экс макамынан ажыратып, кол тийбестигин алып коюшту. Эгер Алмазбек Атамбаевди экс макамынан ажыратып, кол тийбестигин албаганда эл мынчалык көтөрүлмөк эмес.

 Парламенттин жыйынтыгын уккан эл бийликтин чыныгы жүзүн, алардын оюн биле башташты. Депутаттардын бет кабы сыйрылды. Тескерисинче, VI чакырылыштын депутаттарынын депутаттык мөөнөттөрү деле аяктап баратат. Бир жылдан кийин парламенттик шайлоо дегендей. Мөөнөтүнүн аягында бүтпөй калган иштерин бүтүрүп, элдин көйгөйүн угушса болмок. Тилекке каршы, элге шылдың болуп, коомчулук тарабынан катуу сындалып жатат.

Анткени, Жогорку Кеңештин ко-лу менен мына ушундай ыплас иштер жасалып жатат. Ар кандай күчтөр чагым жасоого аракет кылып, куру ушак таратып жаткандар да жок эмес. Бирок, эл деген калыс тараза. Эң башкысы эл Алмазбек Атамбаев менен!" - деген "Ачык саясат" гезитине берген маегинде Рита Борбукеева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости