www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В.га карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.

Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости