www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги президент Сажыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” китебинен үзүндүлөрдү окурмандарга сунуштоону улантат:

"Мамлекеттин эгемендүүлүгү - өзүнүн аймагында өзү кожоюн болуп, өзү кабыл алган мыйзамдарды туруктуу, так иштеткендигинде, сырттан келген бир дагы фирма, же инвестор ал мамлекетке өзү каалаган ой-пикирин, иш-аракетин таңуулай албагандыгында. Мына, мамлекеттин өзүнүн мыйзамдарын иштетүү боюнча идеологиялык багытынын бири ушул. Муну өкмөттүк кызматта иштеген, өзгөчө республиканын башкаруу жетекчилигине келген ар бир жаран так билиши жана көздүн карегиндей сакташы зарыл. Ансыз мамлекеттин кадыр-баркына эбегейиз доо кетет. 

“Коррупциянын символу” болгон Кумтөрдүн улутташтырылышы, элибизде баштаган иштерибизди аягына чыгарарыбызга ишеним жаратты деп ойлойм. Анткени, мамлекеттин идеологиясынын күчү анын жүргүзгөн ишин жарандары колдоп, ишеним көрсөтүшүндө турат.

Отуз жыл бою мамлекеттик бийликтегилердин шайлоолордо берген убадалары аткарылбай, тескерисинче, жогорку кызматтагылар кандайдыр бир табышмактуу жолдор менен байып, ал эми карапайым калк жакырланып, жарандардын жумуш таап, оокат өткөрүүсүнүн негизги булагы болгон миграциянын күчөшү элдин бийликке болгон ишенимин кетирип жалкыткандыктан, бүгүнкү бийликтин ишине да өтө аяр сын көз менен карап турганын билебиз жана аны туура түшүнөбүз.

Менин бир ишенгеним - элибиздин билим деңгээлинин жогорулугу, маалыматты кабыл алуудагы токтоолугу, ар кандай жеңил ушактарды ээрчип кетпей, баарын акыл-эске салып туура баа бере алгандыгы, эмне иш болсо да дайыма ар тараптуу кабардар болууга умтулгандыгы. Демек, биз алдыда аткара турган жана бүтүргөн иштерибиз тууралуу элибизге өз учурунда туура, так маалымат берсек, сөзсүз колдоого алышат деп ойлойм.

Жалпы элибиздин сабаттуулугу, маалыматтарды туура кабыл алуудагы жогорку деңгээли мамлекеттик ишти жүргүзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Элибиз да, жарандарыбыз да, ар бир мамлекеттик кызматкер да мамлекеттин башкы милдети эмнеде экендигин так билүүсү зарыл.

Мамлекеттин башкы милдеттери:

- жарандарынын, жалпы элинин ден соолугуна кам көрүү. Дени сак коом куруу үчүн туруктуу иш алып баруу. Өлкөдө ар кандай жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө;

- мамлекетте жашаган ар бир жарандын, адамдын укугунун мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын деңгээлинде бузулбай сакталышына кам көрүү;

- мамлекеттин чек арасынын так белгиленип, бекем болушу. Мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна жана ар кандай сырткы жана ички душмандардын мамлекеттүүлүккө залал келтиришине жол бербей сактоого кам көрүү, жалпы коопсуздукту сактоо;

- мамлекетте жашаган элдин жана жарандардын аз камсыз болгон аялуу катмары мамлекет тарабынан камкордукка алынып, жабыр тартпай жашашына кам көрүү;

- биздей унитардык мамлекетте түпкү улуттун улут катары руханий-интеллектуалдык, маданий, илимий жактан, улуттук менталитетинин толук сакталып, санынын, сапатынын ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө кам көрүү;

- мамлекеттин экономикалык жактан өсүп-өнүгүп, бакубаттуулукка жетишине, элдин жашоо-турмушунун жогору болушуна, саясий да, экономикалык жактан да эч кимге көз каранды болбошуна кам көрүү;

- келечек муунга кам көрүү. Жаштарды мамлекетин, элин сүйүүгө тарбиялоо. Аларды илим-билимге, учурдун тамырын кармаган техникалык прогресске кызыктыруу.

- экологияга өзгөчө маани берүү менен “Экологиялык таза өлкө” статусуна жетишүү. “Жашыл экономиканы” дүйнөлүк алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде өнүктүрүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген кадрлардын өз ишине берилип, таза, чынчыл болуп, ак ниети менен эмгектенишине жетишүү. Ар бир иште такшалган, ишке билимдик адистиги туура келген кызматкерлердин иштешине жетишүү.

Туура. Мамлекеттин мындан башка да бир топ милдеттери жана аткарар иштери бар. Биз эң башкыларын гана атадык.

Эми, эмне үчүн булар негизги жоболор экендигин кыскача чечмелейли.

Уландысы бар...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости