www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Эшимканов тууралуу Садыр Жапаровго кайрылуу

Белгилүү журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Мелис Эшимкановдун ысымы кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири катары жазылып калаары талашсыз.

Ал кыска өмүрүндө өлкөдөгү сөз эркиндигинин түптөлүшүнө зор салымын кошуп, кыргыз журналистикасында жаңы чыйырдын баштоочусу катары тарыхта калды.

Мелис Асаналиевич «Ленинчил жаш», «Комсомолец Киргизии», «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде эмгектенип, аларды жетектеп келген. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. УТРКнын (улуттук телерадио корпорациясы) жетекчиси болгон.

Мелис Асаналиевичтин бирге иштеген кесиптештери жана алардан тышкары ондогон журналисттер тарабынан Бишкек шаарындагы Айни-Чапаев көчөлөрүндө жайгашкан «Журналисттер аллеясына» Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү.

Бул демилгени бир катар коомдук-саясый ишмерлер жана маданият өкүлдөрү да колдоп жатышат. Мындан улам, Мелис Эшимкановдун кыргыз журналистикасына сиңирген эмгегин эске алуу менен маркумдун 60 жылдык мааракесине карата сиздерден жогорудагы демилгени колдоп, ордо калаадагы «Журналисттер аллеясына», же өзү окуган №950 орто мектепке, же Бишкек шаарындагы аты жок көчөлөрдүн, скверлердин бирине Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу маселесин чечип беришиниздерди суранам!

Урматым менен «Мелис Эшимканов» атындагы фонддун жетекчиси Асел Эшимканова

Булак: Азия News гезити

Последние новости