www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс депутаты Садыр Жапаров чет мамлекетте үч жыл жүргөн соң, кыргыз-казак чек арасынан өткөн кезде кармалып УКМКга жеткирилди. Садырды жакшы билген, жакындарынын, туугандарынын пикирине таянсак , ал өз алдынча, эркин, бирөөнүн тапшырмасын аткарбаган адам. Демек анын Кыргызстанга келишинде эч кандай "Барбаросстун" планы деле жок болчу. Бийликтин анын келишинен чочуп шашып чекара бекетинен кармап кетүүсүнө менимче негиз жок эле. Ал ансыз да барып сурак бермек экен. Бирок анын үй бүлөсүн камакка алып, балдарынын ден соолугуна зыян кылып уруп согуу, алтургай келиндерин камакка алуу- бул барып турган тирандык, Кыргызстандын  эгемендүүлүктү алгандан кийинки 25 жылдык тарыхында кездешпеген өкүнүчтүү окуя болду.

Садыр Жапаровду мынчалык куугунтуктоого эмне себеп болду ? Ысык Көл областынын ошондогу ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев деле Садырдын атына эч кандай арыз жазбагандыгын билдирип фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анан эмне болду анчалык ? Менимче балээнин баардыгы коррупциянын символу болгон " Кумтөр" алтын кени тууралуу, анын экологияга келтирген зыяны тууралуу, ал ишкананын Кыргызстанга пайдасыз өңүттө иш алып баруусун парламентте көтөрүп чыгуудан башталган өңдөнөт. Өткөнгө саресеп салсак, "Кумтөргө" каршы чыккан Исановдун тагдыры,Оторбаевдин отставкасы ж.б.у.с. окуялар бийлик тарабынан жасалып турган.

Бүгүнкү 2-апрелдеги Садыр Жапаровдун 47-колонияда венасынын кесилиши да ошолорду кайталаган жок деп ким айта алат. Бул бийликтин чет өлкөлүк инвесторлорго биздин жарандарды садага чаап, экологияны буздуруп, өлкөбүзгө пайдасыз негизде алтын өндүрө берүүнү улантуу үчүн өбөлгө түзүүсү болуп эсептелет.

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости