www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, бир катар олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору талкууланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчы бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты.

«Мындан тышкары, Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары сыяктуу эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи», — дешти маалымат кызматтан.

Эске салсак, президент 21-июлда парламент депутаттары менен жолугушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости