www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Садыр Жапаровдун ишин караганы жаткан Жогорку Соттун алдында саясатчынын элүүдөн ашык тарапкерлери чогулду. Алар соттон ишти акыйкат кароону, Жапаровго боштондук берүүнү талап кылышууда. Митингчилер колдоруна ар кандай транспоранттарды кармап турушат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, соттук отурумду 29-майга белгилеген. Сот азыр башталганы турат.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, шаардык соттун чечиминен кийин алардын бир жылга чейин Жогорку сотко кайрылууга укугу бар болчу. Жаңы президент келгенден кийин “сот акыйкат карайт” деген үмүт пайда болуп, эми гана даттанышкан.

Токтосуновдун белгилешинче, "Садыр Жапаровдон жабыркады" деген Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев да “Жапаровду актап берүү өтүнүчү” менен Жогорку сотко арыз берди. Азырынча бул өтүнүч качан каралары белгисиз.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости