www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салянова менен төрага айтыша кетти

Бүгүн,21-июнь күнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынды “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбековго Сунушталган маселелерди ким, кантип күн тартибине киргизээрине кызыгып, “ мен сунуштаган мыйзам долбоорлорумду күн тартибине киргизбей жатасыз.

Өткөн жумада күн тартибине киргизилген төрт маселе каралбай калган. Ошол маселелердин экөөсүн мен сунуштагам. Бирок ал сунушталган маселелер бүгүн дагы күн тиртибине кирбей калыптыр”- деди Салянова.

Ал эми Турсунбеков Салянова сунуштаган мыйзам долбоорлору эртең, 22-июнь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында караларын айтты. Буга нааразы болгон Салянова бүгүн киргизилиши керек экендигин айтып, “Сиз атайын киргизбей койгондой болуп жатасыз. Жыйында сунушталган маселе каралып бүтпөсө , кийинки жыйында каралыш керек” -деди депутат Салянова. Бул суроого жооп бербеген Турсунбеков сөздү башка депутатка берип койду.

Булак: "fakt.kg"

Последние новости