www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. Бул жолку каарманыбыз – коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева. 

Кыргызстандын саясий сахнасында элдин мүдөөсүн тайманбай айта алган айым саясатчылар саналуу. Алардын сап башында Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер – Жылдыз Жолдошева турат десек жарашат.

Жылдыз айым Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдарынан тарта мамлекеттик жана коомдук ишке активдүү аралашып, өзүнүн курч пикирлери, ачык позициясы жана принципиалдуулугу менен айырмаланып келет. 

Ал Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда, элдин үнүн жеткирүүгө, бийликтин каталарын ачык айтууга ар дайым даяр экенин эчен ирет далилдеди. Анын инсандык касиеттеринин эң негизгилери – жөнөкөйлүгү, калыстыгы десек аша чапкандык болбойт.

Ырасында, Жылдыз Жолдошева – кыргыз саясий сахнасынын тайманбас, принципиалдуу жана калыс өкүлү. Анын саясий ишмердүүлүгү кыргыз саясатындагы акыйкаттуулуктун менен тайманбастыктын мисалы.

Последние новости