www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-майда Бишкекте жакындары диний уюмдар менен Сирияга кетип калган жарандардын катышуусунда жыйын болот.
Акипресс агенттигинде өтүүчү жыйында «Ислам мамлекети» террордук тобунун Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасир жана анын кесепети талкууланат. Талкуудагы негизги каралуучу маселе Сирияга кеткен кыргыз жарандарын кайтаруу, алар келгенден кийин аларага карата Кыргызстандагы саясый-мыйзамдык мамиле жана алардын тагдыры тууралуу болот.
Жыйынга Сирияга кетип калгандарынын жакындары менен бирге коомдук уюмдардын адистери да катышат.
Казакстан бийлиги бул жаатта бир топ иштерди аткарып, жакында эле 2-жолу Сирияга кетип калган жарандарынын тобун мекенине кайтарып келди. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге карганда, бул маселенин оош-кыйышын карай элек.
УКМКнын маалыматы боюнча, 800дөй кыргыз жараны “Ислам мамлекети” диний тобуна кошулуп кетип, 200дөн ашууну каза болгон. Алардын 140 аялдар.
Булак:NazarNews.kg