www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда.

Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекет башчысы иш сапары менен Чүй облусунун Кемин районуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Кемин районундагы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган  монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү «Астра Солар Технолоджис» ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости