www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ары болдум, бери болдум, сууга салган тери болдум, жүрүп-жүрүп мына эми бир Конституциянын эри болдум” –дегендей, Конституцияга референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт. Эске салсак, 2019-жылдын жайында Кыргыз Республикасынын парламентинин мурунку төрагалары чогулушуп спикерлердин кеңешин түзүшкөн. Ал кезде президент Сооронбай Жээнбековдун алдына экономика, кадр саясаты, коррупцияга каршы күрөш, чек ара жана башка тармакта көп иштер жүрүшү керектиги, жалпы элдик референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу формасын аныктап алып, андан кийин Конституциялык реформаны баштоо зарылдыгы айтылган. Мурунку спикерлер Башмыйзамды жаңылоону туура көрүшөбү ким билет, арийне, Конституциялык реформа сөзсүз керек деп жанталашкан.Андан тышкары эл жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн чындап иштөө мезгили келгени кошумчаланып, бул билдирүү аркылуу бардык жарандарды провакация, жалган маалымат, убадаларга ишенбөөгө, кырдаалды туура түшүнүүгө, бөлүнбөөгө чакырык ташталган. Мыйзам алдында баары бирдей экени жана ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керектиги жазылган. Мурдагы спикерлер кетирилген каталарды биргеликте оңдоп, укуктук-демократиялык коом курууга да үндөшкөн.

Кыргызстандын мурдагы спикерлердин кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратышкан. Анда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган. Эми болсо мурунку спикерлер ого бетер көбөйдү: Асылбек Жээнбеков, Дастан Жумабеков, Мыктыбек Абдылдаев Мирлан Бакиров, Канат Исаев сыяктуу. Балким ошол кездеги традицияны колдоп, кайрадан спикерлер кеңешинин ишин жандандырыш керек, муну спикер Талант Мамытов колго алса жакшы болмок.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилиги катары анын коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай койгондугу болгон деп жеткен жерде жамандап жаткан Атамбаев дайындаган макале-спикер Жумабеков агасы Жумабеков Алмазбек Артисбековичти Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындатты. Эми Жогорку Кеңештин Жээнбеков учурундагы спикери Дастан Жумабеков шефин ар кайсы маалымат булактарына жамандай баштады. Жумабеков маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өлкө тынчтыгы үчүн кызматын өткөрүп бергенин айтты. Эң көп беш спикер 2020-жылы болду, Жумабеков жашынып жаткан соң Мыктыбек Абдылдаев оор кырдаалдарда спикер болгон. Ал турмуш түзөлөөр менен спикердин милдетин аткаруучу Мирлан Бакировго өткөзүп берген. Андан соң Канат Исаев, Талант Мамытовдор келишти.

1.Орозбеков Абдыкадыр (1927-37),

2.Шамурзин Султанкул (1937-38),

3.Салихов Мурат (193 8.02-05),

4.Толубаев Асаналы (1938-43),

5.Токобаев Молдогазы (1943^5),

6.Кулатов Төрөбай (1945-78),

7.Ибраимов Султан (1978.09-12),

8.Дүйшеев Арстанбек (1979-81),

9.Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981 -87),

10.Акматов Таштанбек (1987-90),

11.Масалиев Апсамат (1990-91),

12.Шеримкулов Медеткан (1991-92),

13.Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97),

14.Myкамбаев Усуп (1997-2000)

15.Матубраимов Алмамбет (1997-1998),

16.Эркебаев Абдыганы (1998-2005),

17.Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005),

18.Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006),

19.Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007),

20.Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007),

21.Тагаев Айтибай (2008-2009),

22.Курманов Зайнидин (2009 -2010)

23.Келдибеков Акматбек (2010-2011)

24.Жээнбеков Асылбек (2011-2016)

25.Турсунбеков Чыныбай Акунович (2016-2017)

26.Жумабеков Дастан Артисбекович (2017-жылдан)

27.Мыктыбек Абдылдаев (2020),

28.Мирлан Бакиров (2020),

29.Канат Исаев (2020),

30.Талант Мамытов (2020 жылдан бери).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости