www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөн.

Көрүнүктүү маданият ишмерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, бир катар маданият ишмерлери, маркумдун туугандары жана жакын санаалаштары катышкан. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган. 1958-жылы С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.

Студент кезинен эле сүрөт өнөрүнө кызыккан Макен Сыдыкбаев 1975-жылы Октябрь революциясынын 40 жылдыгына арналган республикалык сүрөт көргөзмөгө катышып, чыгармачылыкка аралаша баштаган.

Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Эмгек жолунада СССРдин курамындагы бүтүндөй ири шаарларга чыгармачылык гастролдордо, стажировкаларда жана 1973-жылы Москвада өткөн СССР сүрөтчүлөр съездинин жана 1981-жылы Германияда өткөн алтынчы эл аралык театр сүрөтчүлөрүнүн жана архитекторлор конгресинин делегаты болгон.

Ал «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.

Үзгүлтүксүз чыгармачылыктагы жолу жана кесипкөйлүгү аркылуу ал СССР сүрөтчүлөр союзунун, СССР театр ишмерлер союзунун жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Макен Сыдыкбаевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРнин Жогорку Президимунун жана СССР Маданият министрлгинин ардак грамоталары, СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн коло медалы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамдары ыйгарылган.

Макен Сыдыкбаев 86 жаш курагында көз жумду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости