www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Караколдо жаңы заманбап мектеп курулат. Ал Москва мамлекеттик университетинин колдоосунда болорун фонддун маалымат кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга фонд 1,5 млн. доллар бөлүп берет.

Долбоорду ишке ашырууга фонд 1,5 млн. доллар бөлүп берет. - Sputnik Кыргызстан

Окуу жай 660 орунга ылайыкташкан, мында окуучулар заманбап технологиялар колдонулган эң мыкты дүйнөлүк стандарттар менен билим алышат. - Sputnik Кыргызстан

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Караколдо жаңы заманбап мектеп курулат. - Sputnik Кыргызстан

Окуу жай 660 орунга ылайыкташкан, мында окуучулар заманбап технологиялар колдонулган эң мыкты дүйнөлүк стандарттар менен билим алышат.

Окуу жай 660 орунга ылайыкташкан, мында окуучулар заманбап технологиялар колдонулган эң мыкты дүйнөлүк стандарттар менен билим алышат. Мугалимдердин 75 пайызы "Россиялык мугалимдер чет өлкөдө" долбоору аркылуу келип, табигый-техникалык сабактардан берет. Мектеп ушул сентябрда окуучуларга эшигин ачары күтүлүүдө. Ал эскилиги жетип, 2020-жылдан бери ээн турган мурдагы техникумдун ордуна жайгашат.

"Ысык-көлдүк балдар эми сапаттуу билим үчүн борборго барып убара болбойт. Аны Караколдо эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди мектептин негиздөөчүсү Нурия Турдакунова.

РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков учурда фонддун жардамы менен өлкөдө жети мектеп курулуп жатканын айтты. Баарына билим берүү систамасындагы заманбап стандарттарды киргизүү каралууда.

  Булак: NazarNews.kg  

Последние новости