www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш калаанын Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан аянты боюнча өлкөдөгү эң чоң мечитти билесиңер да. Кудай Тааланын дал ушул ыйык жайында жума намаз учуруңда момун мусулмандардын бут кийимдерин уурдамай өнөкөтү бирин-экин катталууда. Балким айрымдары кишинин көптүгүнөн алмаштырып же байкабай да кийип кетүүлөрү мүмкүн.
Бирок, соңку жума намаз окулган күнү уч момун мусулман кийип келген бут кийимдерин бир мезгилде карайлап таппай калышканына өз кабарчыбыз күбө болгон. Албетте, ыйык жайдан колу туткактык кылгандарды Алла Таала өзү жазалаар.
Бирок, Бишкек шаарынын башкы «кызыл шапкечиси» Сталбек Рахманов өзү да бул маселеден кабардар болуп, мечиттен «бизнес кьшышкан» эки аяктуу айбандарды таап, катуу жазаласа соопчулук иш кылат беле? Ошол жерге тиешелүү ГОМдун начальниги Талант Аттокуровго жакшылап тапшырма берсе эле ууруларды илгиртпей илет эле.
Булак: "Азия Ньюс"