www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Бишкек шаарында жайгашкан азиз жана көрүүсү начар болгон балдар үчүн атайын жатак-мектебине барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жатак-мектебинин директору Урсеитова К.А. мектеп менен тааныштырып чыкты. Министр жатак-мектебинин жалпы абалы, кол өнөрчүлүк кабинеттери, компьютердик жабдыктар, китепкана, ашкана жана балдардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Андан соң министр мектеп-интернатынын мугалимдик курамы менен жолугушту.

Интернатта балдарды спортту сүйүүгө тарбиялоо максатында машыгуучу залы дагы бар.

Бейшеналиев аларга балдардын келечеги үчүн жасап жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин атынан сыйлыктар тапшырылды.

 Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости