www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд актерлору Бред Питт менен Женнифер Энистон АКШда өткөн актерлрдун Гильдин сыйлыгын тапшыруу аземинде экөө кайрадан бирге деген божомолдор чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 19-январда Лос-Анжелесте өттү. Питт “Однажды в Голливуде” тасмасында экинчи пландагы эң мыкты роль жараткадыгы үчүн, ал эми Женнифер “Утреннее шоу” сериалынын эң мыкты актриса наамына ээ болду.

Иш-чарада мурунку жубайлар жылуу кучакташуу менен баарын таң калтарышты. Күйөрмандар сыйлык тапшыруу учурунда Питт Энистондон көзүн албаганын байкашкан. Ал сахнага чыгып келе жатканда көзүн албай карап турган. Көпчүлүк муну мыкты учурлардын бири болгонун билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин Женнифер менен Брэд сахна аркасында жолугушуп, кучакташып бири-бирин алган сыйлыгы менен куттукташкан. Камералар Энистон кетип бара жатканда Питт колунан кармап калган жерин тартып калышкан.

Женнифер Энистон менен Брэд Питт никеде беш жыл жашашып, 2005-жылы Анжелина Жоли менен мамилеси башталганда ажырашып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости