www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев райондук жана шаардык маданият бөлүмүн башчылары менен жолугушту. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, анда, учурдагы жасалып жаткан иштер жана чечүүгө зарыл болгон маселелер каралып, бир катар тапшырмаларды берди.

«Министр өз сөзүндө, бардык бөлүм башчыларга өз милдеттеринин чегинде эффективдүү иш алып барууга, маданиятты өнүктүрүүнү айылдан баштоого, Президент тарабынан жарыяланган «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткарууда алардын ролу жана орду чоң экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Иманалиев айылдык маданият үйлөрүн, китепкана, музей ишмердигин жандандырууда жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууга үндөдү», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө ар бир бөлүм башчыга аймактагы таланттуу жаштарды издеп таап, маданият адамдарын элеттен суурулуп чыгуусуна шарт түзүү үчүн сынактарды өткөрүү жана заман талабына ылайык иш алып баруу тапшырмалары берилди.

Эске алсак, министирликтин алдында 40 райондук жана 14 шаардык маданият бөлүмү бар. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына жана буйруктарына, өкмөттүн токтомдоруна, министрликтин буйруктарына жана министрликтин аймактык бөлүмү жөнүндө Жобого ылайык иштерин алып барышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости