www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актёру Өмүрбек мырзаны кепке тарттык.

- «Дарак ыры» тасмасына кандайча тартылып калдың?

- «Дарак ыры» тасмасына социалдык тармактардан кастинг катуу жүргөн. Кастингде ырдаган актёрлор, ойной билген каскадерлор, актёрдук-чеберчилиги бар ырчылар деген катуу талап кылганына биринчи күлүп койгом. «Айтыш фильм» киностудиясына Нурбек байкенин чакыруусу боюнча бардым.

Тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков сунуштаган башкы каарман Эсендин ролуна эки-үч актёр көрсөтүлдүк. Бегимайдын ролуна аткара турган кыздар менен эки жарым айдай кастингдин негизинде тартылып, июль айларында кастингдин жыйынтыгы чыгып, натыйжада башккы каарманды ойноо буйругу мага насип этти. «Дарак ыры» кино дастаны менин дебюттук ролум болду. Тасмага тартылуу ары түйшүктүү, ары татаал, ары кызыктуу экен. Өз кесибинин чеберлери чыгармачылык топто иштеди. Мюзикл жанрынын жеңил жери сөз менен айта албаганды ыр менен элге жеткирет экенсиң.

- Кесипке карай мүнөз өзгөрүлөбү же тескерисинчеби?

- Билбейт экем. Мен бала кезде кандай тарбия көрүп чоңойсом, ошондой мүнөздө элемин. Кесипке карап мүнөз өзгөрүлбөйт го. Эгер адам кандай учурга туш келбесин өзүн кармай билсе өзгөрбөйт деле болсо керек.

- Өжөрлүк-ийгиликти багындыруунун негизги куралы экен. Өжөрсүңбү?

- Ошол өжөрлүк менде бар. Бала чагымдагы көксөгөн кыялыма Кудай насип кылып жеткирди. Ырчылык өнөргө да жакынмын.

- Өз шамына ишенгендер башкалардын жарыгына муктаж эмес экен...

- Эгерде өзүңө-өзүң ишенимдүү болгон учурда гана каалаган максатыңа жетесиң. Ошол эле акылың, күчүңө ишенсең башкалардын жардамына муктаждыгың жок. Бирок адам баласы болгон соң, баарибир муктаждык келип чыгат. Мисалга актёрлор, биз, режиссёрлорго муктажбыз, аларга баш ийебиз. Башка кесиптерде деле ошондой система бар.

- Сени жарык дүйнөгө алып келген ата-энең тууралуу билсек...

- Мен Талас областына караштуу Манас районунун Чоңкапка айылында 1995-жылы жарык дүйнөгү келгенмин. Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектебин бүтүргөм... Суроолордун ичинен бул сурооңуз мени жашытты. Негедир мен апам туурасында аздыр-көптүр токтолууну туура көрдүм. Ааламда кандай гана сүйүүлөрдү айтышат.

Мекенге, элине, жана башка. Бирок ошол сүйүүлөрдүн эң чокусунда болгон сүйүү эненин баласына өтөр сүйүү болбосо керек. Бул дагы Кудайдын бешенеге жазган тагдыры экен, атамдан эрте айрылып калганым өкүт болсо, апам ата ордуна да ата болуп, энелик мээримин бөтөнчө төгүп, толук кандуу үй-бүлөлөрдөн кем кылбай балдарын чоңойтту.  Эркеликтин даамы, күчү азыр деле менде бар. Эркелигим өмүр бою мени коштоп жүрөт го деп сеземин. Апам дайыма чыгармачылыгымды колдоп, уулу үчүн күйүп-бышып келет.

- Кайсы каарманда өз күчүңдү сынап көргүң келет?

- Генаралды самабаган солдат солдат эмес деп айтып коюшат. Анынсыңары, Кудай буюрса мен дагы дүйнөлүк классикаларынан, орус классикасынан чоң-чоң ролдорду ойногонду самап келемин. Албетте, кыргыз драматургдардын мыкты образдарын жаратуу бирден-бир кыялым.

- Негизи эки нерседен жаңылбоо керек кесип жана жар тандоо?

- Жаратканыма миң мертебе шүгүр, экөөнөн тең жолдуу болдум. Келинчегим Айсанаттын да кесиби актриса. Мээримдүү, ыймандуу, ынсаптуу, жөнөкөй, эң негизгиси менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, жана апама келин эмес, кыз боло ала турган келинчекке туш болдум.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости