СҮРӨТ - VI-чакырылыштын аңкоо эл өкүлдөрү кайберендин каргышына калдыбы?
Саясат  |   |  876

Соцтармактарда атылган кайберендердин сүрөттөрү пайда болду. Мергенчилик кандай өткөндүгү тууралуу ишкана түшүндүрдү.

Кыргызстандагы аң уулоо салтанаты жана атылган кайберендердин сүрөттөрү менен Instagramда чет өлкөлүк Лукас Поуг бөлүштү. Кыргыз соцтармактарынын журтчулугу бул кабарды жийиркеничтүүлүк менен кабыл алды.

Лукас Поугдун жазгандарынан улам аң уулоо Ысык-Көл облусунда сентябрдын башында болгонун билсе болот. Ал өлтүрүлгөн кайберендердин сүрөтүн бөлүшүп, Ысык-Көл облусундагы «Тур-Хан-Тенгри» ЖЧКсынын зоболосун көтөргүсү келген. Чет өлкеөлүктөрдүн кыргыздын кайберенин жайлап коюп минтип мактанып турганы көзгө өөн учурайт экен.

Азыркы учурда августтун экинчи жарымынан декабрдын биринчи жекшембисине чейин тоо текелерин атуу үчүн мергенчилик сезону башталат. Ошондуктан бул мыйзамдуу мергенчилик экени белгилүү. Экология боюнча мамлекеттик комитет мергенчиликти жөнгө салуу үчүнар бир атылган кайберендер үчүн мергенчилик чарбасынын ичинде лицензия берет.

Ысык-Көл облусундагы «Тур-Хан-Тенгри» ЖЧКсынын аймагындагы мергенчилик чарбасында бул тур чет өлкөлүктөр үчүн 4-сентябрдан 13-сентябрга чейин өткөн. Беш мергечи катышып беш тоо текесин атууга лицензия алышкан. Мергенчилик мамлекеттик комитеттин көзөмөлдүүлүгү аркасында болгон. Ушул күндөрдүн ичинде 10 жаштан 13 жашка чейинки беш теке атылган. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтуусунда булар жаштары улгайып бараткан текелер. 

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтуусунда буларды браконьерлер менен салыштырууга болбойт, алар акча төлөшпөй жашыруун текелерди тандабай атып кетишет.

«Биз мыйзамдуу ишкерчилик кылып жатабыз, аң уулоо бардык эрежелер жана документтердин негизинде болуп жатат. Бизди браконьерлер менен алмаштырууга болбойт», - дейт ишкананын өкүлү.

Лукас Поуг андан тышкары үч ири аркардын мүйүздөрү менен түшкөн сүрөтүн бөлүшкөн. Ишкананын өкүлүнүн айтусунда бул жаңы атылган кайберендер эмес. 

«Бул мүйүздөр карып өлүшкөн кайберендердин мүйүздөрү. Чет өлкөлүктөр ал мүйүздөр менен сүрөткө түшүшкөн. Аттар менен мүйүздөрүн өзүнчө бөлүп араалашпайт», - деп түшүндүрдү ишканадагылар.

Эко-активисттер, кызыл китепке кирген, аркар, тоо эчкиси, бугу, элик, каман, ак илбирс, теке, маралдарды атууга тыюу салган мыйзамдын четке кагылышы туура эмес болду деген талап койгону менен VI-чакырылыштын аңкоо эл өкүлдөрү мыйзамды четке кагып, Кыргызстандын символу болгон жаныбарларга чыккынчылык кылышкан. Муну менен кайберендердин каргышына калган мыйзамды четке каккан эл өкүлдөрү Кожожаштай болуп бир күнү аскага асылып калбагай эле деген ой жаралат. 

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 42 мергенчилик фирма алектенет.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда активисттер аркар-кулжага аңчылык кылууга мораторий киргизүүгө каршы чыккан Жогорку Кеңеш депутаттарын айыптап чыгышкан. Анда 27 депутаттын тизмеси жарыяланып, 2020-жылы өтө турган шайлоодо аларга добуш бербөө чакырык жүргөн. Активисттер 2030-жылга чейин кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салууну талап кылышкан эле. Шаршембиде Жогорку Кеңеште аркар-кулжага аңчылыкка он жылга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору өтпөй калган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями